НАРЫН КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫН КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, АтБашы жана Нарын ойдуңдарынын ортосунда. Уз. 120 км, туурасы 18 км, орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4499 м (Орто-Ача чокусу). Н. к. т. Ат-Башы жана Эңилчек тектоникалык жаракасы менен неоген-төртүнчүлүк доордо көтөрүлүп, мегантиклиналдык структураны түзгөн. Н. к. т. гранит менен диориттен турган каледон тектеринен түзүлгөн. Батыш кыры жапыз, томпок сымал, капталдарында жайдак түзөңдөр бар; орто бөлүгү тик, кууш капчыгайлар көп. Чыгыш тарабы кырдуу, бийик; байыркы муздардын тепшилери тик капталдуу, аскалуу жабык төрлөр менен курчалган. Азыркы мөңгүлөр жоюлган. Түндүк капталдары тик, аскалуу, түштүгү жантайыңкы. Суулардын жээгинде төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон суулардын тектирлери бар. Алар дыйканчылыкта пайдаланылат. Ландшафты бийиктеген сайын өзгөрөт. Түндүк капталдарында карагайлуу токой (2600-3000ж бийиктикте), субальп шимүүрлүү. шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3000-3200 м), альп шалбаасы (3200- 3500 м); түштүк капталдарында бетегелүү бийик тоо талаасы (2600-3000м), карагайлуу токой (Бороондуу, Ача-Кайыңды, Улан ж. б. капчыгайларда; 2800-3000 м бийиктикте), субальп шалбаасы, шалбаалуу талаа, арча токою (3000- 3200 м}, доңуз сырттуу шалбаа (3200-3500 м), гляциалдык-нивалдык ландшафттар (3600 лгден жогору) мүнөздүу. Тоонун түндүк капталынын кооздугуна тянь-шань карагайы көрк кошот. Салкын-Төр эс алуу жайы жайгашкан.