НАРЫН КОРУГУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫН КОРУГУ Нарын обл-нун чыгышында, Нарын д-нын сол өйүзүндө. Бугу-маралды сактоо, санын көбөйтүү максатында 1983-ж. 29-декабрда түзүлгөн. Чоң Нарын менен Кичи Нарындын кошулган жеринен чыгышты карай 11 км аралыктан башталып, Нарын-Тоонун түндүк, Жетим-Тоонун түштүк бетиндеги Жакболот-Нарын кууш капчыгайындагы карагай токойлуу массивди камтыйт. Жалпы аянты 32,9 миң га, анын ичинде токой аянты 10 миң га. Деңиз деңгээлинен 2400-3500 м бийиктикте. Анын ири жана жыш массиви Кашка-Суу, Үч-Булак жана Байбиче ойдуңдарында кеңири таралган. Өсүмдүктөрдүн 1870, жаныбарлардын 50 түрү кездешет. Өсүмдүктөрү (анын ичинде карагай, шилби, четин, тал, ит мурун, карагат, ак чечек, арча ж. б.) суулардын боюна чейин өсөт. Марал Кыргызстандын бир гана ушул аймагында кездешет, андан башка тоо эчки, аркар, кулжа, элик, түлкү, аюу, карышкыр, илбирс, сүлөөсүн, коён, тыйын чычкан ж. б., канаттуулардан улар, кекилик мекендейт. Мында жер бетинин түзүлүшүнүн татаалдыгы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап келет. Экологиясы таза аймак. Ш. Качаганов.