НАРЫН КОЗГОЛОҢУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫН КОЗГОЛОҢУ - 1920-ж. ноябрда ак гвардиячылар жана соодагерлер тарабынан чыккан козголоң. Нарын ш-ндагы кызыл гвардиянын катарында кызмат өтөп жүргөн офицер Кирьянов жана соодагер К. А. Бондарев 1920-ж. августта Совет бийлигин кулатуу максатын көздөп, жашыруун контрревя-чыл уюм түзүшкөн. 1920-ж. 5-ноябрда офицерлер Кирьянов жана Демченко башкарган аскер бөлүгү Ат-Башыдагы чакан гарнизонду басып алып, 6-ноябрда Нарындагы 23-полктун батальонун куралсыздандырган жана кызыл командирлерди, саясий кызматкерлерди камакка алып, уезддик-шаардык парткомдун төрагасы X. Мусабаевди, уезддик саясий бюронун төрагасы/С. Орозбековду өлтүрүшкөн. 11-ноябрда Нарын уездиндеги бийлик толугу менен козголоңчулардын колуна өткөн. Андан ары Пишпекти алууну көздөшкөн. Н. к-н басуу үчүн 13-ноябрда Токмок ш-ндагы 2-өзгөчө полк жана 4-түркмөн полку жөнөтүлгөн. Козголоңчулардын негизги тобу Кочкордо
(15-ноябрь), Долон ашуусунда (19-ноябрь) талкаланып, калганы Нарынга чегинип, андан Кытайга өтүп кетишкен.