НАРЫН (шаар): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫН - Нарын обл-ндагы шаар (1927-жылдан). Облустун жана Нарын р-нунун администрациялык борбору. Ортонку Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Нарын д-нын (аты да ошондон) боюнда, АлаМышык жана Нарын кырка тоолорунун түндүк этегинде, Бишкек — Торугарт автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 2024 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 5040 га. Бишкек ш-нан 365 км, Балыкчы т. ж. бекетинен 180 км. Калкы 35,0 миң (2010). Ички Теңир-Тоо аймагындагы жол тоому.
Шаар жайгашкан аймак тектирлүү, батышка карай жантайыңкы. Шаардын чыгыш жагы дарыянын оң өйүзүнө өтөт. Шаарды түштүктөн Нарын жана Ала-Мышык тоолору курчап турат. Шаардын түндүк тарабы чаптуу келип, дарыянын оң жээгине бийик, тик кемерлүү жар болуп түшөт. Нарын д. кууш өрөөндүн түндүк чети аркылуу ошол тик кемерйердин түбүн бойлой шар агат. Шаар суунун деңгээлинен 5-6 м бийик
жаткан тектирде жайгашкан. Өрөөндүн таманынын жазылыгы 300-500 ждей, батышка карай бир аз кенийт. Нарын д-нын кууш аскаташтуу нугуна (шаардын чыгыш четинде) 1868-ж. салынган көпүрөнүн батыш жагындагы чаптуу дөбөлөрдүн этегинен сууну көздөй эңкейиштеп, түндүк-чыгышты карай созулат. Климаты континенттик. Январдын орт. температурасы -17,1°С, эң төмөнкү температура -38°С. Июлдун орт. температурасы 17,2°С, эң жогоркусу 37°С. Кышы ызгаардуу, узак, жайы негизинен мелүүн, кургак келип, кыска. Жылдык жаан-чачыны 250- 300 мм, анын 71% и апрель-октябрь айларында түшөт. Топурагы ачык куба күрөң жана кара коңур. Шыбак-бетегелүү, чий жана эфемер өсүмдүктүү кургак талаа жана талаа ландшафттуу.
Азыр алар антропогендик ландшафтка айланууда. Тоо капталдарында сейрек карагай, алтыгана, табылгы, төө куйрук, түркүн чөп өсүмдүктөрү өсөт.
К а л к ы (1939-ж. - 4,5 миң, 1970-ж. - 21,1, 1980-ж. - 32,0, 2000-ж. 40,9, 2010-ж. - 35,0 миң); негизинен кыргыз (88%), ошондой эле орус (6,5%), өзбек (1,2%) уйгур, (0,7%), дуңган (0,6%), украин (0,5%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Эмгекке
жарамдуу калктын 85% и негизинен ө. ж-да, курулушта, соода-сатыкта, райондук, обл. деңгээлдеги кызматтарда, үй кызматында, көмөкчү чарбаларда ж. б. жумуштарда иштейт.
Н. тарыхый маалыматтар боюнча Жети-Суудан Кашкарга (Кытай) кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары 19-к-дын 30-жылдарында негизделген. Чеп 1867-ж. кокондуктардан бошотулуп, ал жерге казак-орус аскер кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, 1863-ж. аны орус аскерлери басып алган. Кийин кайра кокондуктарга өткөн, 1867-ж. биротоло бошотулуп, 1868-ж. генерал-майор Я. И. Краевскийдин жетекчилиги менен 100 казак-орустан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Ал гарнизон Бишкек - Нарын - Торугарт соода жолундагы Нарын д-на салынган (1868-ж.) көпүрөнү, Нарын-Тоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, өзбек, дуңгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода сатык жүргузгөн. 1903-ж. анда 875 адам (анын ичинде 391 орус, 230 өзбек, 64 кыргыз ж. б.) жашаган. Бул айыл Кашкарга (Кытай) товар жөнөтүүгө ыңгайлуу пункт болгон. Нарын бажыканасы аркылуу жылына 5 миңге жакын жүргүнчү өтүп турган. Калкынын бир бөлүгү мал багып, мал чарба продуктуларын (жүн, тери, кийиз ж. б.) Фергана өрөөнүнө кол өнөрчүлүк буюмдарына ж. б-га алмашып турган. 1913-ж. мында 1500 киши жашаган, 139 соода пункту 300 миң сомдук соода-сатык иштерин жүргүзгөн. Соодагерлерди тейлөөчү 3 кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигүүчү, шайман оңдоочу 5 кустардык жөнөкөй мастерской иштеген. Чиркөө, мечит, почта, лазарет, башталгыч окуу жайы (12 бала окуган) болгон.
Шаарда Совет бийлиги 1918-ж. орногон. 1920-ж. ноябрда ак гвардиячылар козголоң чыгарган. Козголонду Бишкек, Токмок, Караколдон келген отряд менен Түркстан полкунун аскерлери баскан. Шаар - 1918-жылдан уезддин, 1926-жылдан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору.
Н. ш-нын экономикасынын негизин ө. ж., транспорт жана байланыш, курулуш, коммуналдык турак жай чарбасы, турмуш-тиричилик жактан тейлөө кызматы, соода жана коомдук тамактануу тармактары түзөт. Анда өндүрүштүк жана социалдык жактан тейлөөчү тармактардын көптөгөн мекеме-ишканалары жайгашкан. Нарын ш-нын ээлеген ордунун деңиз деңгээлинен бийиктиги, климаттык шартынын татаалдыгы, респ-нын борбору Бишкектен алыстыгы, т. ж. транспортунун жоктугу, шаардын экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип келет. Н. ш-нын чарба жүргүзүү тармактарында структуралык көп өзгөрүүлөр болуп, менчиктин түрдүү формасындагы ишканалар жана мекемелер пайда болду. Шаарда 194 чакан ишкана, 3 кооперация, 20 АК, чет өлкөлүктөр менен бирге уюштурулган 4 орток ишкана жана 1076 жеке ишкерлер бар (2012). Алар ар кандай менчик түрүнө кирет жана ө. ж. өндурүштөрүндө, курулуш, транспорт жана байланышта, ошондой эле соодада ж. б. тейлөө тармактарында иш алып барат.
Облустагы өндүрүштүк ишканалардын көбү Н. ш-нда жайгашкан. Шаарда бир нече менчик, 7 чакан, чет өлкөлөр менен ортоктош бир ишкана, обл. ө. ж. өндүрүштүк кооперация бирикмеси жана 50дөн ашык жеке ишкерлер ө. ж. өндүрүшү багытында иш жүргүзөт. Шаардын негизги ө. ж. продукциясын а. ч. сырьёлорун кайра иштеп чыгаруучу тамак-аш, кондитердик азыктар, минералдуу суулар, алкоголсуз суусундуктар, ун-акшак, пластик терезе, эшик ж. б. берет. Алардан башка жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен иштеген электр энергетика жана алтын казып алуучу ө. ж. тармактары бар. Ушул ишканалар шаардын ө. ж-нын негизги тармактык структурасын түзөт. Бул тармактар облустун жалпы ө. ж. продукция көлөмүнүн 83,5% тен ашыгын өндүрөт.
Н. ш-нын салыштырмалуу ири ө. ж. ишканалары: Ат-Башы ГЭСи, «Даназык» МАК, «Солтон-Сары» алтын кени, эт комбинаты, «Башат» АК (кийим тигүү фабрикасы). Шаарда өндүрүлгөн ө. ж. продукцияларынын респ-нын экономикасына кошкон салымы кыйла төмөн. 1996-ж. Н. ш-нын ишканалары респ-да өн-дүрүлгөн электр энергиясынын болгону 1%ин, курама темир-бетондун 0,2%ин, кондитер азыктарынын 0,8% ин гана өндүргөн. Н. ш-нын ө. ж. өндүрүшүнүн көбү бир же эки ишканадан турган 9 өндүрүш тармагына бөлүнөт. Алар: электр энергетика, алтын казуу, машина куруу, курулуш материалдарын
чыгаруу, токой жана жыгаччылык, жеңил, тамак-аш, ун тартуу, жем чыгаруу. Электр энергетика тармагы Ат-Башы ГЭСи менен электр энергиясын таркатуучу мекемеден туруп, Нарын электр тармактар ишканасы бириктирилген. «Кыргызавтосервис» МАК негизинен автомобилдерди оңдоо, техникалык жактан тейлөө жумуштарын аткарат.
Курулуш материалдар ө. ж. тармагынын негизги ишканасы - «Мунара» АК. Андан башка 5 чакан ишкана курулуш материалдарын чыгарат. Жеңил ө. ж. кол өнөрчүлүктүн негизинде өнүгүп келүүдө. «Башат» АКта тебетей, калпак тигилип, сатыкка чыгарылат. «Улук-Нан», «Нарын сүт комбинаты» МАК жана «Нарын эт комбинаты» тамак-аш продуктуларын белендейт. Шаарда 3 чакан ишкана азык-түлүк (нан жана нан азыктары, өсүмдүк майы) чыгарат. Ун-акшак жана аралаш тоют даярдоочу ө. ж. тармагынын шаардагы ири ишканасы - «Даназык» МАК. Анын облустун ө. ж-ндагы үлүшү: иштеген адамдардын саны боюнча 3% ти, продукциянын көлөмү боюнча 12%ти түзгөн. Шаарда басмакана, суу түтүктөрүн орнотуу ишканасы иштейт. Шаар «Нарын» эркин экономикалык аймагынын да борбору (1993-жылдан).
Н. шаары облустун негизги жол тоому катары облустун райондорун бирдиктүү эл чарба комплексине бириктирип, Кыргызстандын башка аймактары, анын ичинде ири ө. ж-луу борборлору менен байланышып турат. Анда автомобиль жолунун мааниси зор. Алгачкы автомобиль Нарынга 1937-ж. келген. Автомобиль жолу аркылуу Н. ш. облустун бардык айыл-кыштактары менен байланышат. Эң ири автомобиль жолдору: респ. маанидеги Нарын - Балыкчы, эл аралык маанидеги Бишкек - Нарын - Торугарт - Кашкар (Кытай). Балыкчы ш. аркылуу респ-нын борбору Бишкекке (дайыма) жана Каракол ш-на автобус (маал-маалы менен) каттайт. Автобустун шаар аралык (Нарын - Ат-Башы, Нарын - Баетов, Нарын - Казарман, Нарын - Жер-Көчкү, Нарын - Казыбек) 5, шаар айланасы (Нарын - Учкун, Нарын - Эмгекчил ж. б.) боюнча 20 маршруттук каттамы бар. Шаар айланасына жана шаарда жүргүнчүлөрдү автобус, троллейбус, 1994- жылдан таксилер ташыйт. Шаардык автобекет 1968-жылдан иштейт.
Нарынга алгачкы самолёт 1946-ж. келип конгон. Ошол жылдан авиация Бишкек - Нарын маршруту боюнча почта, кийинчерээк жүргүнчү ташый баштаган. 1990-ж. чейин аба жолу аркылуу Н. респ-нын борбору Бишкек, ошондой эле Ош, Чолпон-Ата, Каракол ш., айрым айыл-кыштактар менен байланышып турган. 1954-жылдан «Нарын» аэропорту иштейт.
Электр телефон жана телеграф (телекоммуникация) байланыштары шаарда 1936-ж. почтателеграф конторасына алгачкы Бленкер (МБ) коммутатору орнотулгандан кийин иштей баштаган.
Учурда шаарда 4 АТС (абоненттик номери 6100) иштеп, мекеме-ишканаларга, 1390 менчик үйлөргө 4825 телефон аппараты орнотулган; 46 телефакс иштейт. Нарын электр тармагы 1971-ж. негизделген. Ал негизинен шаарды электр энергиясы менен камсыз кылат. Чыңалуусу 10/04 кВ трансформатордук подстанцияларды оңдойт, ишке киргизет. Уз. 114,0 км (чыңалуусу 10 кВ), 124,0 км (0,4 кВ) электр линияларын, 275 трансформатордук подстанцияны ж. б. тейлейт.
Суу түтүгүнүн уз. 101,5 км. Суу тазалоочу курулмасы суткасына 2,0 миң л3 булганыч сууну тазалайт. Жылуулук берүү тармагынын уз. 10,9 км. От жагуу мезгилинде 20 миң Гкал жылуулук берет. Шаарда 100 орундуу мончо, кир ЖУУЧУ жай (кабыл алуу пункту менен), 2 мейманкана бар. ЗОга жакын чекене соода ишканалары 1438 га жерге жайгашкан. 2010/11-окуу жылында шаарда орто билим берүүчү 10 мектеп иштеп, анда 7 891 окуучу окуган. Жети бала бакчада 1263 бала тарбияланууда. 1993-жылдан мектеп-лицей (350 окуучу), 10 китепкана, музыкалык мектеп, 1994-жылдан кыргыз-түрк лицей мектеби (234 окуучу) иштейт. Нарын мамлекеттик университетети (1996-ж. ачылган), медициналык окуу жайы, 2 клуб, музей бар. Борборлоштурган оорукана (75 орундуу, 4 бөлүмү, лабор-сы, физиодарылоо, тез жардам кызматы менен), шаардык, обл. поликлиника, диспансер (обл. жана балдар ооруканалары, кургак учук диспансери ж. б.), стоматол. поликлиника, санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө борбору, 4 үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Шаар калкына 4 телеберүү программасы (коомдук Россия телекөрсөтүүлөрү, «Вести», Кыргыз телекөрсөтүүлөрү, «Пирамида») көрсөтүлөт. Жергиликтүү «Нарын-ТВ», «Аян» эркин телестудиялары иштеп, шаар калкына (ошондой эле облуска да) жума.сына бир жолу телеберүүлөрдү көрсөтөт. Аянты 33 ганы түзгөн 4 сейил бак («Жеңиш», «Алмабак», «Нарын шаарынын 70 жылдыгы», «Борбордук») уюштурулган. Шаардын композициялык чордонун В. И. Ленин атындагы борбордук аянт түзүп, анда музыкалык драма театры жана маданият үйү жайгаш-
кан. Шаардын экономикалык багытын турукташтыруу үчүн инвестициялоо колго алынып, туристтерди тартуу максатында 300 орундуу «Корона» рестораны менен көп тармактуу «Дордой-Плаза» соода комплекси жана сүрөт галереясы ишке киргизилген. Н-да обл. «Теңир-Тоо» жана райондук «Жибек Жолу» гезиттери чыгат.


