НАРОДНИКТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРОДНИКТЕР, элчилдер - 19-к-дын 2- жарымында Россиядагы ар кыл чиндеги интеллигенттердин кыймылы жана идеологиясы. Россиянын крепостнойлук жана капиталисттик жол менен өнүгүшүнө каршы чыгып, дыйкандар революциясы аркылуу жеке бийлик кулайт деген ишенимге таянган. Негиздөөчүлөрү - Анын Ичинде Герцен, Н. Г. Чернышевский, идеологдору - М. А. Бакунин, Т. А. Лавров, П. Н. Ткачёв. 1860-80- жылдары Н-дин негизги уюмдары - Ищутин ийрими, «чайковчулар», «москвалыктар», «Жер жана эркиндик», «Чёрный передел», «Элэрки» ж. б. пайда болгон. 1870-жылдары «дыйкан революциясын» ишке ашыруу үчүн Россиянын алдынкы жаштары «элге барууну» уюштурушкан (ушундан улам Н. же элчилдер деп аталган). «Эл эрки» уюму жеке бийликти жок кылуу, демокр. респ-ны орнотуу максаты менен программасында биринчң жолу саясий күрөштүн зарылдыгын коюшкан. Бирок алар саясий күрөштүн керектигин туура койсо да, аны жеке террор менен ишке ашырабыз деген зыяндуу тактикага азгырылышкан. 1880-жылдын 2-жарымы - 1990-жылдын 1-жарымында дыйкандардын таптык жиктелишинен (кедей, кулак) жана пролетариаттын революциячыл күрөшүнүн өсүшүнөн улам Н. кулактардын мүдөөсүн көздөгөн либералдык агымга айланган. Алардын программасы мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн негизин сактоо менен майда өндүрүүчүлөрдүн абалын жакшыртууга багытталып, буржуазиялык-реформисттик мүнөз алган. Либерал Н. революциячыл демократизмдин идеологиясынан кол үзүп, Россиядагы боштондук кыймылга тескери таасир тийгизген. 1902-ж. Н-дин ар кошкон калдыктарынан эсерлер партиясы куралган.