НАРКОЗИЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРКОЗИЕВ Аманбек Карашович (17. 1. 1962- жылы туулган, азыркы Жалал-Абад обл., Чаткал р-ну, Сумсар айылы) - педагог, доцент (2002), КРдин эл агартуу

отличниги (1998), педагогика илимдеринин доктору (2011). КМУну бүтүргөн (1988). Сумсар орто мектебинин мугалими (1988), В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун илимий кызматкери жана КМУнун аспиранты (1989), КЭУда окутуу боюнча бөлүм башчынын орун басары (1993-95), окуу жайдын алдындагы Жалпы билим берүү коллежинин директору (1996-99), университеттин окутуу иштери боюнча проректору (1998-2001), доценти (2002), ректору (2001-05), окуу иштери боюнча вице-президенти (2006-жылдан).
Эмг.: Проектирование образовательно-профессиональных программ в ВУЗе на основе компетентностного подхода по кредитной технологии. Б., 2009; Теоретические основы компетентностного подхода при проектировании образовательных программ по кредитной технологии. Б., 2011.