НАРКОЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРКОЗ (грекче narke - уйку, селейип калуу) - айрым химиялык заттарды же физикалык факторлорду колдонуу менен жасалма чакырылган терен уйкудагы абал. Н. медицинада хирургиялык операция убагында оорутпоонун бир түрү катары колдонулат. Н-догу адам акыл-эсин толук же жарым жартылай жоготот, ооруну сезбейт, булчуң эттери бошоңдойт, рефлекстери басаңдайт. 1846-ж. америкалык хирург Уоррен 1-жолу эфирди пайдаланып, операция жасаган. Россияда эфир Н-ун 1- жолу 1847-ж. Ф. И. Иноземцев жана Н. И. Пирогов колдонгон. Н. оорулуунун организмине ингаляция түрундө жана ингаляциясыз (венага, көтөн чучукка, булчуңга, тери алдына, сөөккө) берилет. Ингаляциялык Н. дем алуу жолдору аркылуу жиберилет. Ал атайын аппарат аркылуу кычкылтек менен аралаштырылып так өлчөмдө (дозада) берилет. Венага жиберүүчү Н. үчун көбүнчө уктатуучу заттар колдонулат. Мында оорулуунун венасына Н. заты куюлат, ал уктагандан кийин ингаляциялык жолго өтөт. Азыр бул 2 жолду айкалыштыруу көп колдонулат. Анестезиологиянын жетишкендиктери өпкө, жүрөк, мээнин ири кан тамырларына татаал операцияларды жасоого мүмкүндүк берди.
Ад.: Руководство по анестезиологии/Под редакциялык Атап Айтканда Бунятяна. 2-е изд. М., 1997.