НАПОЛЕОН КОДЕКСИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАПОЛЕОН КОДЕКСИ, француздардын жарандык кодекси - Франциянын бардык аймактарында колдонулуучу мыйзам жыйнагы. 1804-ж. 21-мартта Наполеондун демилгеси жана жарлыгы менен киргизилип, өзгөртүүлөр менен бүгүнкү күнгө чейин колдонулат. 1800-ж. Н. к-н түзүү үчүн атайын даярдоочу комиссия түзүлүп, анын курамына белгилүү соттор (Ф. Д. Тронше, Ф. Биго де Преаменэ) жана укук коргоочулар (Ж. М. Порталис, Ж. Малевиль) кирген. Наполеон өзү да комиссиянын ишине активдүү катышкан. Кодекстин негизин Ж. М. Порталис иштеп чыккан. Н. к. 3 китептен турган. Биринчи китебинде жарандык, үйбүлөлүк жана опекундук укук (7-515-статьялары); экинчи китепте мүлк мамилелерин жөнгө салуу (516-710-статьялары) жана үчүнчүсүндө мүлккө ээ болуу жолдору, анын ичинде мурастык укук ж. б. (711-2281-статьялары) жөнүндө мыйзамдар жазылган. Кодекс 1804-ж. Француздардын жарандык кодекси, 1807-ж. Наполеон кодекси, 1816-ж. Жарандык кодекс, 1852-жылдан Наполеон кодекси деп аталат. Н. к. башка европа мамлекеттеринин (Полыпа, Бельгия, Италия ж. б.) жарандык укуктарынын иштелип чыгышына жана кодификацияланышына чоң таасир тийгизген.