НАМИБ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАМИБ - Намибиядагы чөл, океан жээгинде. Мосамедиш ш-нан (түндүк) Олифантс д-нын чаты­на чейин (түштүк) созулат. Чыгышка тектирле­нип, көтөрүлгөн түздүк (бийикт. 1000-1200 м). Түндүгү шагыл.-кумдуу, түштүгү таштуу чөл. Эң нымдуу мезгилде жылына 100 ммге чейин жаан­чачын жаайт. Кунене жана Оранж д. агып өтөт; убактылуу аккан суулары да бар. Жер астын­дагы суулар жер бетине жакын жаткан жер­лерде акация, сүттүү чөп, алоэ, вельвичия өсөт. Алмаз жана уран (Людериц бухтасы аймагында) казылып алынат.