НАМАТБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАМАТБАЕВ Сагын (15. 3. 1933, азыркы Чүй обл., Москва р-ну, Чоң-Арык айылы - 28. 12. 2001, Бишкек) - мамлекеттик жана коомдук ишмер, жазуучу жана котормочу, милициянын полковниги (1976), КРдин маданиятка эмг. сиң. ишмери (1993). 1956-ж. КМУну бүткөн. 1956-58-ж. Ош обл. жатакмектебинин мугалими, 1958-65-ж. комсомолдун Ош обкомунда сектор башчысы, секретарь, 1-секретарь, 1965-68-ж. Кыргызстан Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун БКсынын 1-секретары, 1968-71-ж. Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун басары, 1971-72-ж. партиянын Ысык-Көл обкомунда секретарь, 1972-84-ж. КРдин ички иштер министринин орун

басары, 1984-85-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партия тарыхы институтунда В. И. Лениндин толук чыгармалар жыйнагын кыргыз тилинде чыгаруу боюнча Башкы редакциянын жооптуу секретары, 1985-88-ж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редактору, 1988-94-ж. «Мектеп» басмасынын директору, 1998-99-ж. Бишкек мэринин кеңешчиси болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин депутаты (3-чакырылышы). 2 «Ардак Белгиси» ордени менен Сыйланган. «Кыргыз милициясы» энциклопедиясын жана музейин түзүп, ардагерлер кеңешин жетектеген.