НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ Ош обл-нун Ноокат р-нундагы Көк-Жар кыш-нын 5-6 км түштүк жагында. 1968-ж. ишке киргизилген. Суу сактагыч Кыргыз-Ата, Чили-Сай, Кошчан, Шаңкол, Абшыр-Сай суулары менен толтурулуп турат. Сыйымдуулугу 39,5 миллион м3, уз. 8 км, жазы жери 2 км, тереңдиги 37,6 м, суу толгондогу аянты 4,23 км2. Минутасына 912,0 м3 суу агып чыгат. Бөгөтүнүн уз. 265 м, туурасы 6 м, бийикт. 40,5 м. Суу сактагычтын суусу менен Араван р-нундагы Төө-Моюн талаасынын 6 миң га жери сугарылат. Суу толтуруу жана сугатка чыгаруу автоматташтырылып, телемеханикалаштырылган.