НАЗАРАЛИЕВ Жеңишбек Болсунбекович: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЗАРАЛИЕВ Жеңишбек Болсунбекович [8. 5. 1961-жылы туулган, Чүй обл., Кемин р-ну, Чым-Коргон айылы] - психиатр, медицина илимдеринин доктору (1989), проф. (1990). КММИни бүтүргөн (1982).
1985-86-ж. Бишкектеги психиатриялык ооруканада врач ординатор, 1986-87-ж. КММИде кенже илимий,

1987- 88-ж. улук илимий кызматкер, 1987-91-ж. жеке дарыгер, 1991-ж. Наркология борборун ачкан жана аны жетектейт. Ал баңгиликти, алкоголизмди дарылоонун жаңы технологиясын иштеп чыгып, дарылоонун өзгөчө методдорун (өзү иштеп чыккан) колдонуу менен жогорку натыйжага жетишкен. Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук федерациясынын анык мүчөсү. 1997-ж. анын сертификатын алган. Анын наркология боюнча изилдөөлөрү 20дан ашык өлкөдө конгресс, симпозиум, конференцияларда көрсөтүлгөн. 80ке жакын илимий эмгеги, анын ичинде 12 патенти жана рационализатордук сунуштары бар.
Эмг.: Избавь и прости. М., 2001.