НАЗАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЗАР Болот уулу (1828, Ысык-Көл өрөөнү - 1893, ошол эле жер) - манасчы, жомокчу. Бугу УРУУсунун арык тукумунан. Анын чыгармачылыгы жөнүндө манасчы Тыныбек менен айтышынан башка так маалымат жок. 1961-ж. «Манас» изилдөөчү 3. Мамытбеков С. Каралаев менен болгон аңгемесинде: «Валиханов Көкөтөйдүн ашын ЫсыкКөлдөгү чоң манасчы Назар Болотовдон Токсоба Олжобаевдин айылында жазып алган» деп көрсөткөн. Бугу уруусунун башчылары Ч. Валихановго кыргыз элинин көркөм өнөрүн көрсөтүш үчүн Н-ды чакырып келип, «Манас» айттырган болуш керек. Н-дын жомокчулугу жөнүндө «Назар үнү бийик, эпостун “Семетей”, “Сейтек” бөлүктөрүн толук айткан чоң жомокчу болгон. Ал “Манасты” айтып кызыган учурда топусу шилисине, бирде чекесине келип-кетип турчу» экен деген өңдүү гана сөздөрдү айтышат (КР УИАнын Кол жазмалар фондусу, № 233, 6-6.). Учурунда көлдүн атактуу манабы Чыныбай Н. менен Тыныбекти айтыштырып көргөн. Манасчыларга Манастын өлгөнүнөн ага күмбөзү салдырууга чейинки эпизоддорду айтуу тапшырылат. Адегенде Н. айтып бир жарым күндө бүтөт. Анын айтуусу боюнча Манастын күмбөзүн Надыр аттуу устага салдырганы баяндалат. Н-дын өз учурунун атактуу манасчысы Тыныбек менен айтышы жогоруда айтылган Н. «Манас» үчилтигин толук билген чоң жомокчу болгон деген эскерүүлөрдү тастыктайт. Н. жарды киши болуп: «Жээрде аттан башка малым жок, Манастан башка жаным жок»,- деп ырдачу экен. С. Каралаевдин устаттары Акылбек, Чоюке сыяктуу манасчылар «Манасты» Н-дан үйрөнгөн дешет.
Ад.: Мамытбеков 3. Ч. Ч. Валихановдун «Манастан» жазып алган эпизоду// «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. Ф., 1966.