НАГАСАКИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАГАСАКИ - Япониядагы шаар. Нагасаки булуңундагы эл аралык маанидеги порт. Чыгыш Кытай деңизинде, Кюсю а-нын батышында жайгашкан. Нагасаки префектурасынын администрациялык борбору. Калкы 438,2 миң (2012). Кеме куруунун ири борбору. Машина куруу, металлургия, нефть-химиялык, тактай тилүү, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Аскер-деңиз арсеналы. Балык кармоочу база. Университет, музейлер (анын ичинде соодаө. ж., шаардык, сүрөт, атом бомбасы) бар. Балыкчылардын тургун жайынын ордунда пайда болгон. 12-к-дан белгилүү. Н-ге 2-дүйнөлүк согуштун аягында 1945-жылдын 9-августунда америкалыктар тарабынан атом бомбасы ташталып, андан катуу кыйроого учураган. 75 миңге жакын адам каза болуп, жаракат алган. Кийинчерээк кайра курулган. Япониядагы «кичинекей Рим» деп айтылат. Анткени өлкөдөгү эң ири христиан коому зкашайт. Хиросимадан кийинки ядролук бомбалоодон жабыркаган дүйнөдөгү 2-шаар. Синтоисттердин Сува чиркөөсү (16-к.), Софукудзи монастыры (1629), Кофукудзи будда храм комплекси (1620), Оура чиркөөсү (1864), Хонрендзи монастыры (1620), Меганэбаси көпүрөсү (1634) сакталган. Тынчтык монументи (1955) орнотулган.