НАВАССА АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАВАССА АРАЛЫ Кариб деңизинде. Ээн арал. Гаити а-нан Ямайкага кеткен деңиз жолунун орто ченинде жайгашкан. Бул аралды АКШ
1857-жылдан гуано (деңиз канаттууларынын кыгы) казып алуу үчүн колдонуп келген. 1957-ж. АКШ тарабынан аннексияланган. Эң бийик жери 77 м (аты жок чоку). Арал шуру (коралл) жана акиташ тегинен түзүлгөн. Негизинен жайыт катары колдонулуп, эчки асыралат. Бак-дарактар, кактус жана реликт пальма өсөт. Мурда гуано алынса, учурда корук. Аралда балыкчылар убактылуу жашаганы менен негизинен ээн. Табигый байлыгы - гуано. Экономикасы балыкчылыкка байланыштуу. Аралды 1504-ж. X. Колумб ачкан. Аралга 1917-ж. деңиз деңгээлинен 120 м. бийикте маяк (бийикт. 46 м) орнотулган. Ал 1929-ж. толугу менен автоматташтырылган. 1996-жылдан АКШ тарабынан колдоого алынбай келүүдө.