НАБИЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАБИЕВА Асылкүл (24. 5. 1949-жылы туулган, Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Сын-Таш айылы) - драма ар­тисти, КРдин эл арт. (2000). Б-. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүтүргөн (1976). 1976-79-ж. Мамлекеттик

телерадиок-тинин адабий-драма редакциясын­да, 1979-91-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында иштеген. Б. Кыдыкеева атындагы сыйл. лауреаты (1995). Аткарган негизги рол­дору: Гонерилья, айым Мак­бет (У. Шекспир, «Король Лир», «Макбет»), Катерина Ивановна (Ф. М. Достоевс­кий, «Кылмыш жана жа­за»), Анита (Э. Леман, «Вед­сайт окуясы»), Галя (А. Е. Ма­каёнок, «Өлүм жазасы»), Инкамал апай (Ч. Айтма­тов, «Кыямат»), Айша (Б. Өмүралиев, «Ырайымсыз ража»), Назими (С. Ахмад,

«Күйөө бала») ж. б. Жаштардын жана студент­тердин бүткүл союздук фестивалынын лауреа­ты (Грузия, 1985). бОтан ашык роль аткарган. Киного тартылган: Жазгүл (реж. Ж. Абдыка­дыров, «Өмүр жазы», 1978), Кыз туубас (реж.
Picutre 3938

А. Набиева - бакшы кемпир. Э. Абдыжапаров, «Ууру­нун махабаты», 2008.

Ж. Сооданбек, «Жашоо үчүн курман болгондор», 1987), Бурул байбиче, аял (реж. Э. Абдыжа­паров, «Айыл өкмөтү», 2003; «Уурунун маха­баты», 2008). Орден жана медалдар менен сый­ланган.