МЮНЦЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЮНЦЕР Томас (1490, Штольберг, Рарц - 27. 6. 1525, Тюрингия, Мюльхаузенге жакын) - немис революционери, Реформациядагы элдик агымдын идеологу, Германиядагы дыйкандар согушунун (1524-26) көрүнүктүү жол башчысы. Ал Реформацияны феодалдарга, бардык төрөлөргө каршы көтөрүлүштүн башы деп түшүндүрүп, бийлик элге өткөндө гана эзүүсүз жана жеке менчиксиз коом өкүм сүрө турганын көрсөткөн. 1525-ж. Тюрингиянын Мюльхаузен ш-ндагы ревячыл бийликти башкарып, Тюрингия-Саксонияда дыйкандар согушунун бирдиктүү борборун түзүүгө аракеттенген. Бирок М-дин отряды 1525-ж. 15-майда Франкенхаузен ш-нын жанындагы салгылашта князь аскерлеринен жеңилген; М. туткунга түшүп, өлтүрүлгөн. М-дин диний философиялык окуусу католицизмге гана эмес, жалпы эле христиан дининин бардык негизги догматтарына каршы багытталган,- М. социалдыксаясий программасында келечектеги түзүлүш бардык эзүүчүлөргө каршы эл массасынын революциячыл күрөшүнүн натыйжасында орнойт деп ырастаган. Бирок анын бул түшүнүгү турмуш чындыгынан алыс турган.
<thead></thead><tbody></tbody>Жазуунун түрү | Белгиси | Мезгили |
|---|---|---|
Орхон-Енисей жазуусу | ) гР «Г | У-Х-к. |
Араб алфавити | о | ХУШк- 1927-ж. |
Латын алфавити | N п | 1927-41-ж. |
Орус(кириллица) алфавити | Н н | 1941-жылдан |