МЮНХЕН МАКУЛДАШУУСУ (1938): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЮНХЕН МАКУЛДАШУУСУ (1938) - Чехословакияны бөлүү жөнүндө 1938-ж. 29-сентябрда Мюнхенде жетишилген макулдашуу. Ага Англиянын премьер-министри И. Чемберлен, Франциянын премьер-министри Э. Даладье, Германия жана Италиянын фашисттик диктаторлору А. Гитлер жана Б. Муссолини кол койгон. Аны АКШ толук колдоп, Чехословакиянын буржуазиялык өкмөтү да кабыл алган. М. м. боюнча Англия жана Франция өкмөттөрү Чехословакиянын Судет обл-нун 1938-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин Германияга кошулганына макул болушуп, Германиянын Чехословакияны толук басып алышына, андан соң 2-дүйнөлүк согушту баштоосуна мүмкүнчүлүк берген. Улуу державалардан СССР гана М. м-на каршы чыгып, Чехословакиянын көз карандысыздыгын жана улуттук укугун жактаган. Совет өкмөтү агрессияга сокку уруу максатында (1935-жылдагы советчехословак пактысына ылайык) аскер жагынан да жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок Чехословакия өкмөтү буржуазиянын кызыкчылыгын көздөп, СССРге жардам сурап кайрылбай, баскынчыларга баш ийип берген. 30- сентябрда Чехословакия өкмөтү мамлекеттик улуттук чогулуштун макулдугусуз эле мюнхендик диктатты кабыл алган. М. м. аркылуу Улуу Британия жана Франция фашисттик Германия менен макулдашып, фашисттик агрессияны Батыштан алыстатып, Чыгышты көздөй, алгач СССРге каршы багыттоого аракеттенишкен. Кийин «Мюнхен» деген сөз агрессияга дем берүүчү тышкы саясат багытын туюндурган ылакап сөзгө айланган. Чехословакия жана Германия келишими (1973, декабрь) боюнча М. м. жокко чыгарылган.