МЭЭНИН ЧАЙКАЛЫШЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МЭЭНИН ЧАЙКАЛЫП1Ы - кырсыктын кесепе­тинен мээнин жабыркашы. Мында мээ заты бу­зулбайт, бирок нерв клеткаларынын иштеши убактылуу бузулуп, мээнин айрым бөлүктөрүнүн байланышы үзүлөт да, анын функциясынын бузулушу байкалат. Баш сөөк көңдөйүндө ба­сым көбөйүп, мээ заттарынын физикалык-химиялык касиет­тери өзгөрүлөт. Жеңил түрүндө адам бир аз эс­тен танат. Эсине келгенде кускусу келип, жүрөгү айланат, башы ооруйт. Катуу болгондо өңү ку­барат, тамырдын кагышы басаңдайт же ылдам­дайт, алы кетип, башы ооруп, айланат, кыр­сыктын алдындагы окуялар эсинде калбайт. Мээ катуу урунганда баш сөөк көңдөйүнө кан куюл­са, далайга эстен танып, дем алуу, жүрөктүн иши начарлайт, уйку басышы мүмкүн. Мындай абал 1-2 жумадан кийин акырындык менен жо­голот. Дарылоодо тынч жаткырып, уктатуучу, тынчтандыруучу ж. б. дарылар берилет.

МЭЭР чөп, женьшень (латынча Рапах §1пзеп£) - өсүмдүктөрдүн аралиялар тукумундагы көп жыл­дык дары чөп. Тамыры жоон. Сабагы бир нече жыл кыштайт, түз өсөт, бийикт. 50 см, татаал жалбырактуу. Сабагынын жогору жагында узун саптуу жалбырактары 3-5тен топтолуп жайгаш­кан. Рүлү эки жыныстуу; 3 жылдан кийин июль айында гүлдөйт, гүлү агыш жашыл түстө. Кы­зыл мөмөсү августта бышат, 1-3 уруктуу дане­ги маш буурчакка окшош, уз. 10-12 мм. Жа­пайы М. ч. Кытайдын түндүк-чыгыш жагында, Россияда Хабаров жана Приморье крайында ара­лаш токойдо кездешет. Жапайы М. ч. өтө жай өсүп, 100 жыл, кээде андан узак өсөт. Тамыры­нын салмагы 400 гга жетет, андан алынган дары медицинада пайдаланылат. Эгилме М. ч. бат өсөт, тамыры жоон, химиялык, курамы жана фарма­кол. таасири боюнча жапайы М. ч-төн калышпайт. Ал Корея, Кытай, Япония, Приморье крайында өстурүлөт.