МЬЯНМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МЬЯНМА (1989-ж. чейин Бирма), М ь я н м а Союзу Республикасы­Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай ж. а-нын түн,- батыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Ин­дия жана Бангладеш, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Лаос, түштүк-чыгышынан Тайланд менен чектешет._Түш.-батышынан жана түштүгүнөн Бенгал булуңу, Андаман деңизи менен чулганат

Аянты 678,5 миң км2. Калкы 58,8 миллион (2009); калкынын саны боюнча дүйнөдө 26-орунда. Борбо­ру - Нейпьидо (2006-жылдан; башкы экономикалык бор­бору - Янгон). М-нын курамында 7 улуттук жана 7 администрациялык обл. бар. Акча бирдиги - мьянма кьяты.

М. - БУУнун (1948), ЭВФтин (1952), Азия өнүк­түрүү банкынын (1973), Эл аралык реконструк­циялоо жана өнүктүрүү банкынын (1952), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), АСЕАНдын (1997) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. М. - федерациялык мамлекет. Конституциясы 2008-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогор-

Адмиистрациялык-аймактык бөлүнүшү (2012)

Облустары

Аянты, км2

Калкы

Администрациялык борборлору

Администрациялык облустары

(округдары)

Иравади (Эйя­вади)

35

138

7 759 243

Бассейн (Па­тейн)

Магуэ (Магуэй)

44

820

5 379 497

Магуэ

Мандалай

37

024

8 563 619

Мандалай

Пегу (Баго)

39

404

5 678 069

Пегу (Баго)

Сикайн (Са­гайн)

94

625

5 840 971

Сикайн(Сагайн)

Танинтайи

(Тенассерим)

43

343

1 650 982

Тавой (Двей)

Янгон (Рангун)

10

171

6 732 734

Янгон

Улуттук облустары (штаттары)

Карен (Кайин)

30 383

1 733 281

Паан

Качин

89 041

1 509 351

Мьичина

Кая (Каренни)

11 733

349 875

Лойко

Мон (Моул-

Моулмейн

мейн)

12 257

3 035 435

(Ма^1ату1пе)

Ракхайн (Ара-

кан)

36 778

3 132 651

Ситуэ (Акьяб)

Чин

36 019

516 660

Хакха

Шан (Таунжи)

155 801

5 315 503

Таунжи

ку органы - эки палаталуу парламент (Эл өкүлдөр чогулушу, улуттук чогулуш). Аткаруу бийлигинин жогорку органы - Бүткүл союздук өкмөт. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Улут­тук биримдик партиясы, Демократия үчүн улут­тук партия.

Т а б и я т ы. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн тоо ээлейт. Батышын Ракхайн тоолору (бий­икт. 1500-3000 м) жана анын түндүк уландысы - Паткай, Кумун кырка тоолору (эң бийик жери - Кхакаборази чокусу, бийикт. 5881 м), чыгы­шын Шан бөксө тоосу, борбордук бөлүгүн жана түштүгүн Иравади түздүгү ээлейт. Климаты тро­пиктик муссондук. Март - апрелдин (эң ысык айы) орт. температурасы 30-32°С, январдыкы түндүгүндө 13°С, түштүгүндө 20-25°С. Жылдык жаан-чачыны 500 лглгден (түздүктө) 3500 млгге (тоолордо) жетет. Ири дарыясы - Иривади. Тоо­луу жерлеринин топурагы кунарсыз сары күрөң, түздүктөрүнүкү кызыл күрөң жана күрөң. Тропик­тик жана муссондук токойлор өсөт (жеринин 60% и). М-нын аймагында Пидуан, Шуэдаун ж. б. резерваттары бар.

К а л к ы. М-да 135ке жакын эл жана уруу жашайт. Негизги калкы - мьянмалыктар, ошондой эле карендер, шандар ж. б. улуттар да жашайт. Динге ишенгендери буддистер (тхеравада мекте­би). Христиандар менен мусулмандар да бар. Рас­мий тили - бирма тили (кытай, англис, жергиликтүү карен, мон, шон тилдери да кеңири таралган). Орт. жыштыгы 1 к\и2ге 81 киши. Калкынын жа­шынын орт. узактыгы эркектериники - 58 жаш, аялдарыныкы - 63. Төрөлүүнүн деңгээли орт.

Мейтхила шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.

(1000 кишиге 28), өлүм-житим ЮООге 10 киши (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, ЮООге 68). Шаар калкы 34% (2010). Ири шаарлары: Ран­гун, Мандалай, Моламьяйн.

Т а р ы х ы. М. аймагын - Иравади жана Сита­ун д-нын бойлорун адамдар мындан 11 миң жыл мурда мекендеген. Биздин заманга чейинки 3 миң жыл мурда Татон портуна жакын жерде Суварнабхум ко­ролдугу, биздин заманга чейинки 2-к-да М-нын түштүк жээктеринде мондордун шаар-мамлекети, Кытай-Индия соо­да жолдорунда пьюлардын бир нече королдугу пайда болгон. 9-к-дын ортосунда Кытайдын Түндүк-

Кандожун көлүндөгү Каравайк рестораны. Рангун (Ян­ган) ш. (2009).

Батыш жана Түштүк-Батышынан М. аймагына бир­малыктар, шандар, карендер жана качиндер (мьянмалыктардын түпкү теги) ж. б. элдер жер которуп келип, жергиликтүү калк менен аралашып кет­кен. 11-к-дын башында Жогорку Бирмада ал­гачкы Паган мамлекети негизделип (королдук такка Аноратха отурган), Тхеравадандын (буд­дизм мектеби) дүйнөлүк борборуна айланган. 1287-ж. Паган королдугу моңголдордун чабуу­луна учурап, моңгол баскынчысы Хубилайга баш ийген. 16-18-к-даМ. Тонгу княздыгына ко­шулган. 18-к-дын орто ченинде борбордошкон күчтүү М. мамлекети түзүлүп, ага М-нын бар­дык аймактары караган. 19-к-да М. баскынчы­лык (1824-26, 1852-53 жана 1885-ж-. Англия жана Франция) согуштардын натыйжасында Бирма деген ат менен Улуу Британиянын колониясына, 1886-ж. Британ Индиясынын провинциясына айланган. 1937-ж. ич ара өзүн өзү башкаруу уку­гуна ээ болгон. 2-дүйнөлүк согуштун мезгилин­де М-ны Япония аскерлери басып алган (1942- 45). М-нын көз каранды эместиги үчүн англ. им­периалисттерге каршы күрөш жүрүп, 1948-ж. 4- январда көз каранды эмес федерациялык респ. - Бирма союзу жарыяланган. Башкаруучу чөйрөдө бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. 2-дүй­нөлүк согуш менен жарандык согуштун залакала­ры экономиканы өтө оор абалга дуушар кыл­ган. Ушундай кырдаалда 1962-ж. мартта гене­рал Не Вин башчылык кылган революциячыл маа­найдагы офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жа­сап, бийликти өз колуна алып, Революциячыл совет уюштурган. Бул өкмөт «Социализмге өтүүнүн бирмалык жолу» программасын түзүп, 1962-ж. Бирма социалисттик программасы партиясын негизде­генетикалык Кыска мөөнөт ичинде мурунку мамлекеттик аппа­ратты жоюп, чет элдик жана жергиликтүү жеке менчик­тер улутташтырылган, тышкы соода менен мамлекеттик сектор социалисттик экономиканын негизи деп жарыя­ланган. Ички саясий абалды жөнгө салуу жана жарандык согушту токтотуу боюнча чаралар ка­был алынган. 1964-ж. бир партиялуу система киргизилген. 1974-ж. 1-январда жаңы Консти­туциясы күчүнө киргенден кийин Бирма Союзу Социалисттик Респ. дёп аталган. Өлкөдө социализмди куруу өтө татаал экономикалык кыйынчылыктар менен коштолгон. Ушул шартта М-га көмөк көрсөтө турган Кытай өзүнүн маданий революциясы менен алек­тенип, Советтер Союзу Бирманы социалисттик лагердин катарына кошкон эмес. 1987-ж. М-да акча жүгүртуүдөн айрым банкнотторду (25, 35 жана 75 кьят) алып салуу, өлкөдө толкундоолорду күчөткөн. Янгондун көчөлөрүндө нааразылык акциясына чыккан студенттер машиналарды өрттөп, чиновниктердин виллаларын талкала­ган. ЖОЖдор жабылган. Өкмөт аскерлери демонстрацияны ырайымсыздык менен баскан. 1988-ж. сентябрда өлкөдө бийлик негизинен ге­нералдардан түзүлгөн 8БОКС комитетине (Мый­замдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик кеңешке) өткөрүлүп, диктатура ор­ногон. 1989-ж. өкмөт колониялык доордогу географиялык аталыштарды өзгөртүп, өлкө расмий түрдө Мьянма аталган. Генералдар башкарган Мамлекеттик кеңеш өлкөнү буддизмдин моралдык нормала­рына таянуу менен тартипке салган: порноиндуст­рияга ж. б. тыюу салынып, баңги зат саткан­дар жана колдонгондор өлүм жазасына тартыл­ган. 2007-ж. август-сентябрда Янгондо чыккан массалык башаламандыкта 3 минден ашык адам курман болгон. 2011-жылдан М-нын батыш өлкөлөрү менен болгон байланышы жакшырган. 2012-ж. 1-апрелде парламентке эркин шайлоо өткөрүлүп, 50 орундун басымдуу бөлүгүн демокр. оппозиция ээлеген.

МЬЯНМА

Экономикасы. М. - агрардык экономика­сы өнүккөн жакыр өлкө. ИДПнин көлөмү 82,7 миллиард доллар (ЛКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,3 миң доллардан туура келет (2011). Андагы а. ч-нын үлүшү (% менен) 43, тейлөө чөйрөсүнүкү 37, ө. ж-дыкы 20. Өлкөнүн башкы азы­гы - күрүч. Ошондой эле жүгөрү, буурчак, кассава, батат жана банан, техникалык өсүмдүк­төрдөн чай, бал камыш, кунжут, рапс, пахта, таме­ки, кокос пальмасы жана апийим өстүрүлөт. Бодо мал (негизинен унаа ката­ры колдонулуучу өгүз), чочко асыралып, үй канат­туулары багылат. Балык­чылык өнүккөн. Жараты­лыш газы, нефть, таш кө­мүр, алтын, күмүш, баалуу жана жарым баалуу асыл таштар [лаал (рубин), жа­деит жана сапфирди казып алуу боюнча дүйнөдө алдын­кы орунда)], түстүү металл­дар (калай, вольфрам, күмүш, коргошун, цинк, кобальт, темир) казылып алынат. 2009-ж. 6,3 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 45% и ГЭСке туура келет. Нефть ажыратуучу, тамак-аш, жыгаччылык ө. ж. ишка­налары иштейт. Жыгач даярдоо, экспорттоо боюнча дүйнөдө алдынкы орунду ээлейт. Автомобиль жо­лунун уз. 27 миң км (анын ичинде 3,2 миңи асфальтталган), т. ж-нуку 5099 км (2008). Дарыя жана деңиз кемечи­лиги жакшы жолго коюл­ган. Ички суу жолунун уз. 12,8 миң км (2008). Негиз­ги деңиз порттору: Янгон, Бассейн, Моламьяйн, Си­туэ. Сыртка жаратылыш газын, баалуу жана жарым баалуу асыл таштарды, жыгач материалдарын, баңгизаттарды (жашырын, дүйнөдө Афганстандан ки­йинки 2-орунда), мине-

Шалы палдары.
Picutre 3913

Мьянма акчасы - мьянма кьяты.

ралдык сырьё, балык жана креветка чыгарат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, болот, дары-дар­мек, пластмасса алат. Негизги соода шерик­тештери: Япония, Тайланд, Кытай, Сингапур, Индия.

Ад.: Западова Е. А. В стране, где течет Иравади. Очерки культуры современной Бирмы. М., 1980; Дарченков Д. В. У Ну и государственное развитие Бирмы. М., 1997.