МЫРЗАЛИЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЫРЗАЛИЕВ Арстанбек (15. 5. 1931-ж. т„ азыркы Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Ысык-Ата айылы) - невропотолог, медицина илимдеринин доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984). КММИни (1952), СССР МИАнын Н. Н. Бурденко атындагы Нейрохирургия институтунун аспирантурасын (1955-58) бүтүргөн. КММИде нерв оорулар кафедрасында ассистент, доцент, проф., кафедра башчысы, 1978-87-ж. проректор, 1987-96-ж. ректор бо-

луп иштеген. 1996-жылдан КММАда кафедра башчысы,
Кыргыз ССРнин илимге эмг. сиң. ишмери (1970), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1967). Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1989- 94). Негизги илимий эмгектери нерв системасынын сезгенүүсү жана шишиги, тукум куума жана кан тамырларынын өзгөрүшүнөн пайда болгон ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу маселелерине арналган. 210дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 6 монография, 15 окуу китеби жана окуу куралдары бар.
Эмг.: Сирингомиемия (в соавторстве). Ф„ 1976; Радионуклеидные методы исследования в клинике сосудистых заболеваний головного мозга (в соавторстве). Ф„ 1982; Клинические лекции по невропатологии. Б„ 2001.