МЫРЗАБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЫРЗАБАЕВ Артык [11. 5. 1930, Чүй өрөөнү, Кызыл-Аскер кыш. (азыр Бишкек ш-нын чегинде) - 30. 1. 2005, Чүй обл. Аламүдүн р-ну, Байтик айылы] - опера ырчысы (баритон), Кыргыз

ССР эл арт. (1962), СССР эл арт. (1967). 1954-ж. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик филармониясында, ошол эле жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист. М. - кооз тембрлүү үнү бар, вокалдык техниканы мыкты өздөштүргөн ырчы болгон. Аткарган партиялары: Семетей, Токтогул (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», 1954; «Токтогул», 1958), Фрунзе(В. Власов, «Таң атарга бир саат калганда», 1958), Артём (С. Ряузов, «Ак шумкар», 1957), Онегин (П. Чайковский, «Евгений Онегин», 1958), Князь Игорь (А. Бородин, «Князь Игорь», 1956), Фигаро (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач», 1965),
Данияр (М. Раухвергер, «Жамийла», 1965), Самүдүн (Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту», 1967) ж. б. Даргомыжский, Глинка, Свиридов, Шостакович жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын аткарган. СССРдин респ-нда, Кытай, Моңголия, Полыпа, Сирия, Венгрия, Канада ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
