МЫЛТЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЫЛТЫК - сайлуу жана жылма найлуу (стволДУУ) ок атма курал. М. ан уулоочу, аскердик, спорттук ж. б. болуп айырмаланат. А ң у у л о о ч у М-тын найы жылма болуп, анчылык кылууга ылайыкталган. Аскердик М. өзү дүрмөттөлмө жана автоматтык атылма болуп, найына сай салынат. Сай октун айланып, туруктуу алыска учушун, объектиге таамай тийишин камсыз кылат. Спорттук М. спорттук максаттар үчүн ар кандай буталарды атууга арналат. М. улам жакшыртылуу менен анын айкалышкан түрлөрү колдонулууда. М-тын негизги бөлүктөрү: кундак, най, машаа, кароол, прицел, ок салгыч куту, кармагыч (цевьё), аткыч илмек жана сактагыч. Кыргызстанда М-тын милте коюп, бытыра салынып атылма бараң, кара мылтык ж. б. түрлөрү болгон.