МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ - кабыл алынган тартипке ылайык мыйзам чыгаруучу органга мыйзам долбоорун расмий киргизүү. М. ч. д. мыйзам чыгаруу процессинин алгачкы стадиясы (тепкичи) болуп саналып, киргизилген мыйзам долбоорун өз чогулушунда кароого тийиштүү органды милдеттендирет. КРде анын Конституциясынын 64-статьясына ылайык мыйзам чыгаруута демилге укугу төмөнкүлөргө таандык: 30 миң шайлоочуга (элдик демилге); КРдин Президентине; ЖКнын депутаттарына; КРдин Өкмөтүнө, өз карамагына таандык маселелер боюнча КРдин Жогорку сотуна. РФте анын Конституциясынын 104-статьясына ылайык М. ч. д. РФтин Президенти, федерация кенеши жана анын мүчөлөрү, Мамлекеттик Думанын депуттары, РФтин өкмөтү, федерациянын субъектилеринин мыйзам чыгаруучу органдары, ошондой эле карамагындагы маселелер боюнча РФтин Конституциялык Соту, Жогорку Соту укуктуу.