МҮЧӨЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МҮЧӨЛ — 12 жаныбардын аты менен аталган, он эки жылда бир кайталануучу жыл эсеби; санак системасы менен такталган жаш (курак) мер­чеми (13, 25, 37, 49, 61, 73, 85, 97 ж. б. у. с.), башкача айтканда туулгандан кийин ар бир 12 жыл бир М. болот. Он үчүнчү жылдан тарта кийинки М. баш­талат; эски ишеним боюнча М. жыл адам үчүн кор­кунучтуу, кооптуу болуп эсептелген. Кыргыз­дар жашын М. боюнча эсептешип, М. жылдарын гана (туулган күн өткөргөн эмес) белгилеген. М. жылында түлөө өткөргөн. Жети даамдын башы кошулган көжө жасап, айыл-апага ооз тийгиз­генетикалык От жагып, М-гө толгон адамды ошол оттон аттаткан. Эски кийимин отко өрттөп, кызыл кийгизген. Биринчи М. өзгөчө белгиленип, ба­ланын күч-кубатка толгонун, балакатка жет­кенин белгилөө менен жамандык болбосун деген максатта идиш-аяк тептирген.