МҮРӨК ДАРАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МҮРӨК ДАРАК (Catalpa) - өсүмдүктөрдүн бигнбниялар тукумундагы уруусу. Жалбырагы кубулмө, ири, гүлү эки жыныстуу, туура эмес түзүлүштө, чачы же шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү - сүйрүрөөк, көп уруктуу кутуча. Бийикт. 15-20 м келген, жыш пирамида шактуу, түз сөңгөктүү. Июнь айында гүлдөйт. Ыңгайлуу шартта жаш кезинде жылына 1 м өсөт. Суукка чыдамдуу. Шаар ичинде чаңга, түтүнгө, газга туруктуу болот. Жыгачы жеңил, жумшак, көпкө чирибейт. Уругу, калемяелери менен
көбөйөт. Крымда, Украинада, Закавказьеде өстүрүлөт, ошондой эле Борбордук Азиянын парктарында кездешет. Түндүк Америка жана Чыгыш Азияда 10 түрү тараган. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү кооздук өсүмдүгү катары өстүрүлөт. Нымдуу жерде жакшы өсөт.