МҮЛК САЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МҮЛК САЛЫГЫ - уюмдардын (ишкана ж. б.) жана жеке жактардын мүлкүнө салынуучу салык. Алгач Байыркы Грекияда жана Рим империясында, о. кылымда Европадагы ж. б. өлкөлөрдө болгон. Ал негизинен менчиктеги жер тилкелерине акча түрүндө салынган. Учурда М. с. ар бир өлкөнүн өз мыйзамына ылайык юридикалык жактардан (ишкана, компания ж. б.) жана жарандардан алынып турат. Юридикалык жактарга М. с. негизги каражаттар, материалдык эмес активдер, төлөм жүргүзүүчүнүн балансында болгон запастар жана чыгымдарга салынат. М. с. төлөмүнөн жаңы түзүлгөн ишканалар белгилүү бир убакытка чейин бошотулат, к. Салык.