МУШМУЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МУШМУЛА (Mespilus) - роза гүлдүүлөр туку­мундагы күбүлмө жалбырактуу өсүмдүк уруусу. 1)-герман М-сы же кадимки М. (М. £егташса). Бийикт.

3-6 м дарак же бадал. Бал­кан ж. а-нда, Кичи Азия, Иранда, КМШ өлкөлөрүн­дө - Кавказ, Крым, Түркмөнстанда өсөт. Бутагы ти­кендүү, эгилме М-ныкы тикен­сиз. Жалбырагы сүйрү, ланцет сы­мал, гүлү ак, чоң, жалгыздан жай­гашат. Мөмөсү тоголок, катуу, ширелүү. Мөмө­сүндө 10% кант, 1,1% алма кислотасы, 1,6-15,8% С витамини болот. Мөмөсү жаңы жана туздал­гандан кийин желет. Пастила, шарап жасалат. Балдуу өсүмдүк. И. В. Мичурин өзүнүн ликёр четини менен герман М-сын гибриддештирип, са­паты жакшы, десерттүү четин - Мичурин че­тинин чыгарган; 2)субтропик же Япон М-сы (Ег1оЬо1гуа дарошса) - субтропиктик да­йыма жашыл дарак же бадал. Бийикт. 6 мдей. Жалбырагы сүйрү, гүлү майда, жыттуу. Мөмөсү ширелүү, кычкыл, саргыч. Жапайы түрү Кытай­да, Индиянын түндүгүндө ж. б. кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказ, Крым, Борбордук Азияда өстү­рүлөт. Мөмөсүнөн компот, кыям ж. б. кайнаты­лат; ошондой эле кооз өсүмдүк катары парк, гүлзар­ларда өстүрүлөт.