ВАН БИ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ВАН БИ''' , В а н Ф у с ы (226, Шаньян, азыркы Хэнань провинциясы – 249) – кытай философу, конфуцийчилик менен даосизмден куралган, «түпкүрдөгү сырлар» тууралуу окуунун жана бул окууга байланыштуу «таза баарлашуу» деген салттуу алым-сабак маектин негиздөөчүсү. Ван Биге эки албан окуунун – даосизм менен конфуцийчиликтин башкы китептериндеги («И цзин», «Дао дэ цзин») түпкү-өзөк жоболорго берилген баалуу чечмелөөлөр таандык. Ван Би кытай буддизми менен неоконфуцийчиликтин түшүнүктөр аппаратына жана теориялык жоболоруна олуттуу таасир көрсөткөн категориялар системасын иштеп чыккан. Даодогу: «нак нерсе (ю) жок нерседен туулат» деген тезистен улам, Ван Би «жок нерсе (жок болмуш)» менен анын реалдуулугунун ортосунда толук дал келүүчүлүк, башкача айтканда төптөштүк бар деп эсептеген. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
23 май 2024, саат 10:43 учурдагы соңку нуска
ВАН БИ , В а н Ф у с ы (226, Шаньян, азыркы Хэнань провинциясы – 249) – кытай философу, конфуцийчилик менен даосизмден куралган, «түпкүрдөгү сырлар» тууралуу окуунун жана бул окууга байланыштуу «таза баарлашуу» деген салттуу алым-сабак маектин негиздөөчүсү. Ван Биге эки албан окуунун – даосизм менен конфуцийчиликтин башкы китептериндеги («И цзин», «Дао дэ цзин») түпкү-өзөк жоболорго берилген баалуу чечмелөөлөр таандык. Ван Би кытай буддизми менен неоконфуцийчиликтин түшүнүктөр аппаратына жана теориялык жоболоруна олуттуу таасир көрсөткөн категориялар системасын иштеп чыккан. Даодогу: «нак нерсе (ю) жок нерседен туулат» деген тезистен улам, Ван Би «жок нерсе (жок болмуш)» менен анын реалдуулугунун ортосунда толук дал келүүчүлүк, башкача айтканда төптөштүк бар деп эсептеген.