МУХАММЕД ХАЙДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУХАММЕД ХАЙДАР, Мырза Мухаммед Хайдар ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөн (Куреган, Гураган) дуглат (1499/1500, Ташкент - 1551, Индия, Кашмир аймагы) - саясий ишмер, тарыхчы. Айрым изилдөөлөрдө Мырза Хайдар дуглат же Хайдар-мырза катары да белгилүү болуп, өзү Айаз деген адабий псевдонимди (тахаллус) колдонгон. Ата-теги Моголстан жана Чыгыш Түркстандын тарыхында маанилүү роль ойногон моголдордун дуулат уруусунан чыккан белгилүү эмир болгон. Могол хандарына кылган артыкча кызматы үчүн Кашкар аймагы (к. Манглай Субе) түпкү аталарынын бири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийген. Кийинки атасы Пуладчи (Буладжи) өз колу менен Туглук Тимурду, дагы бир атасы Худайдад Моголстандын тагына алты хан отургузса, М. Х-дын үчүнчү атасы Сайид Али Улугбектин кол башчысын Кашкардан кууп чыгып, аны узак убакыт бою бийлеп турган. Чоң атасы Мухаммед Хайдар мырза да бир топ жылдар Кашкарды бийлеген, бирок 1480-ж. аны жакын тууганы Абу-Бакрга тарттырып жиберип, өзү Юнус хандын кол алдына кеткен. Өз атасы Мухаммед Хусейн жашынан Султан Махмуд хан менен чогуу тарбияланып, кийин Орто-Төбөнү башкарган жана Шейбанилер Ташкентти алганда, Кара-Тегинге, андан Кабулга качып, Бабур шахка каршы козголоңго катышууга үлгүргөн. Кийин Ферганага кайтып, ал жерден Мухаммед хан Шейбанинин буйругу менен өлтүрүлгөн. Мындай шартта 9 жаштагы М. Х-дын башына да коркунуч туулуп, атасынын нөкөру (Маулан Мухаммед) аны 1509-ж. Бадахшанга, андан Бабурдун алдына жеткиргенетикалык Ал жерде бир нече жыл жүрүп, жүрүштөргө катышып, эрдиктерди көрсөткөн. 1512-ж. Анжияндагы Султан Саиддин алдына келип, өмүрүнүн аягына чейин ага кызмат кылган. Абд ар-Рашид хандын тарбиячысы болгон жана кол башчы катары Бадахшан, Тибет ж. б. жерге жасалган жортуулдарга катышкан. Султан Саид хан өлгөндөн кийин (1533) такка отурган Абд ар-Рашид дуулаттарга катуу кысым көрсөтүп, биринчилерден М. Х-дын аталаш агасы Сайид Мухаммед мырзанын башын алдырган. Ушуга байланыштуу М. X. адегенде Бадахшанга, андан Лахорго качып, Бабурдун уулу Камран мырзага кызмат кылган. 1539-40-ж. Агра ш-ндагы Хумаюнга (1530-1556) келип, анын жардамы менен 1541-ж. Кашмирди каратып, 1551-ж. ушул жердеги тоолук уруулар менен болгон уруштун биринде өз жаачысынын байкоосуз атылган жебесинен каза болгон. Өз эскерүүлөрүнө ж. б. тарыхый эмгектерге таянып, 1541-47-ж. эки бөлүмдөн («дептер») турган фарсы тилиндеги «Тарих-и Рашиди» деген эмгегин жазган. Иш жүзүндө бул эмгек бийликтен ажыраган М. Х-дын Рашид ханга кайрылып, түпкү аталарынан (моңгол урууларынын ичиндеги дуулаттар) бери Чыңгыз хандын тукумуна адал кызмат кылып, колдоп, бир нечесин такка отургузганын, алардын бийлигин башка хандардан жана жергиликтүү уруулардан коргоп келгенин эскерип отурат. Анда автор кыргыздар катышкан көптөгөн окуяларды да баян кылган. Мындан тышкары анын «Жахан наме» деген поэмасы сакталып калган.
Чыг.: Тарих-и Рашиди. А., 1999.
Ад.: Бартольд В. В. Хайдар-мирза//Соч. Т. VIII. М., 1973; Абусейитова М. X., Баранова Ю. Г. Письменные источники по истории и культуре Казахстана и Центральной Азии в ХШ-ХУШ вв. А., 2001.