МУХАММЕД САДЫК КАШГАРИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУХАММЕД САДЫК КАШГАРИ (1740-1849) - уйгур тарыхчысы, адабиятчы, акын жана ойчул. Ар кыл жанрдагы 18ден ашуун эмгек жазган. Анын «Адаб ас-саалихиин» («Адал өрнөк адамдардын адеби») китеби О. Азиядагы медреселерде окуу куралы катары колдонулган. Ал Табаринин жана Мырза Мухаммед Хайдардын тарыхый эмгектерин уйгур тилине которгон. 1768-69-ж. уйгур тилинде жазган «Тазкира-йи хожаган» («Кожолордун өмүр баяны») эмгегинде кашкарлык кожолордун жана кыргыздардын 17-18- к-дын 60-жылдарына чейинки тарыхын чагылдырган. «Тазкира-и азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген да эмгеги бар.
Ад.: Дмитриев Л. В., Мугинов С. Н. Описание тюркских рукописей Института востоковедения. М., 1975.