МУХАММЕД КЫРГЫЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУХАММЕД КЫРГЫЗ - 16-к-дын 1-жарымын­дагы кыргыз уруулар бирикмесинин башчысы. Моголстандын тарыхына байланыштуу Му­хаммед Хайдардын эмгегинде (к. «Тарих-и Ра­шиди») эскерилет. Могол ханы Султан Саидди колдоп, эмир Абу Бакрдан Кашкарды бошотуу­га жардам берген (май-июнь, 1514) жана өз ал­дынча Жаркентке жүрүш жасаган (июнь-июль). М. К-дын жардамы менен Кашкардын тагына отур­ган Султан Саид хан ага көптөгөн олжо жана белектерди тартуулап узаткан. Кайтып келген­ден кийин Моголстандагы кыргыздарды өзүнө баш ийдирип, кийинки жылы Түркстан, Таш­кент, Сайрамга бир нече жолу талоончул жор­туул уюштурган. М. К-дын күчтөнө баштаганын көргөн Султан Саид хан аны алсыздандырууга аракет кылган. Ал Түркстан ш-нын башчысы Күчүм (Кучкунжи) хандын уулу Абдылда (Абдал­лах) султанды туткунга алып, кайра уруксат­сыз бошотконун шылтоолоп, 1517-ж. июнь-июль айында Барскон ашуусу аркылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги кыргыздарды чапкан. М. К-ды тут­кунга алып, 15 жылдык абакка кескен. Бирок уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарга хан көтөрүүнү көздөп, 1521/22-ж. М. К-ды абактан бошотуп, аны «кыргыздардын эмири» катары кайрадан тааныйт. Ага карабай кыргыздар моголдорго каршы күрөшүн токтоткон эмес, ошондуктан 1524-ж. кийин Султан Саид хан М. К-ды өзбек­терге (казак) жардам кылды деген шылтоо менен экинчи жолу туткунга алган. Туткундан Сул­тан Саид хан өлгөндөн кийин бошонгон. Маалы­маттардын жетишсиздигине байланыштуу Б. Солтоноев, М. К. менен кыргыз санжырасында­гы Тагай бий бир киши болушу мүмкүн деп бол­жолдогон.

Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати, Тарик.-и Рашиди. А., 1999; Турганбаев Э. Мухаммед Кыргыздын теги Долон бийби//Кыргызстан тарыхынын маселелери. 2006. № 4.