МУУН ЖАЗУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУУН ЖАЗУУ — муун системасына негиздел­ген жазуу. Мында жазуу белгилери (силлабема­лар) үнсүз жана үндүү фонемалардын (же жалаң үндүүлөрдүн) тизмегин туюндурат. Чыныгы муун системасындагы жазуулар - кипр силлаб­рийи, эфиопия, инди жазууларынын бир даары (кхароштхи, брахми жана андан тараган Тибет, Индия, Индонезия жазмалары), жасалма түрдө пайда болгон черок (Түндүк Америка), ваи (Либе­рия), менде (Сьерра-Леоне) жазуулары. Сөз-муун жазуусу - япон, байыркы корей, соңку клино­пись, лувий иероглиф жазуулары. Байыркы фарс клинописи, байыркы семит жазуусу жана египет иероглифтеринин айрымдары да М. ж. болушу мүмкүн.

Ад.: Дирингер Д. Алфавит/Пер. с англ. 2-е изд. М., 2004.