МУУНАК ВАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУУНАК ВАЛ — бир же бир нече эксцентрлүү жайгашкан, подшипниктерге отургузулган кри­вошип-шатундуу механизм тетиги. Ал шатун менен бириктирилип, негизги жана шатундук моюн­дан, беттен, каршы салмактан, алдынкы жана арткы учтардан, фланецтен турат. Беттердин жардамы менен негизги жана шатундук моюндар өз ара кыймылсыз бириктирилет. Негизги моюн­дар - М. в. таянычы. Шатундук моюндардын жардамы менен шатундун төмөнкү бөркү (голов­касы) М. в-га бириктирилет. Шатундук моюн­дун октору М. в-дын айлануу огуна карата са­лыштырмалуу жылышат. М. в-дын иштөө тең салмактуулугун кармаш үчүн сапаттуу болот­тон же чоюндан жасалган тең салмактагычтар орнотулат. М. в-га топтолгон айландыруучу мо­мент трактор, автомобилдердин трансмиссияла­рына берилет, ошондой эле кыймылдаткычтын башка механизмин, агрегатын жана түйүнүн аракетке келтирүүгө чыгымдалат. М. в. поршендүү кый­мылдаткыч, насос, компрессор, темир пресстөөчү машина жана ушул сыяктуу түзүлүштөрдө колдонулат.