МУУН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУУН 1) ти л илиминде — М. фонетика­дагы негизги бирдик. Ал тыбыштын структу­ралык элементи катары сөздүн фонетикалык ку­рамына кирет. М. бир тыбыштан да, бир нече

тыбыштын айкалышынан да түзүлөт. М. түзү­лүш үчүн үндүү фонеманын болушу сөзсүз шарт (а-та, ө-рүк, мал-чы, уч-куч ж. б.). Азыркы кыр­гыз тилиндеги М. түзүлүшү боюнча ачык, жабык, туюк муун болуп бөлүнөт. Жалаң үндүүдөн же үнсүз+үндүүдөн болсо - а ч ы к (а-та, тоо-до, суу-ну, и-ни) муун; үндүү+үнсүз болсо - ж а­б ы к (эл, алп, өрт, от-тон) м у у н жана үн­сүз+үндүү+үнсүз болсо (кал-кан, чоор, класс, план, кал-пак) туюк муун болот. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөргө байланыштуу кыргыз тилинде муундун жаңы түрлөрү пайда болгон. Буга үнсүз+үнсүз+үндүү+үнсүз+үндүү+ +үнсүз (станок), үндүү+үнсүз+үнсүз+үнсүз (омск), үнсүз+үнсүз+үндүү+үнсүз (стол), үнсүз+үнсүз+ +үндүү+үнсүз+үнсүз (спорт), үнсүз+үнсүз+үнсүз+ үндүү+үнсүз (взвод), үнсүз+үндүү+үнсүз+үнсүз+ +үнсүз (текст) сыяктуу муундар кирет; 2) а д а­б и я т т а - бир жолку дем чыгаруудан пайда болгон сөздөгү тыбыш же тыбыштардын би­рикмеси. Ыр түзүлүшүндө (дүйнөлүк практика­да) М-дар узун жана кыска, басымдуу жана басым­сыз болот. Кыргыз ырларына төрт М-дан он алты М-га чейинки саптар мүнөздүү, мисалы, Көчө бойлоп (4), Кээде ойноп (4), Катар жүрүп (4), Келе жатты үч бала (7) (А. Токтомушев); Ак бал­танын Чубагы (7), Астындагы Көктеке (7), Кы­зыл калган убагы (7) («Манас»); Арманы болор мергендин (8), Алганы болор бергендин (8) (Эл ыры); Менин доорум - ойлор күндү чапчыган (11), Менин доорум - көз ирмебес чакчыгай (11) (Ж. Мамытов); Таң атканда ойгонгон күн чык­канга калат тек (14), Күн чыкканга алгандан качан болсо наалат көп (14) (С. Шатманов).