МУСУЛМАН УКУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСУЛМАН УКУГУ - укук системаларынын бир бөлүгү; социалдык нормалардын комплек­си, М. у-нун синоними-нормативдик укук эре­желеринин системасы катары шарият эсептелет. М. у. мусулман коомчулугунун мүчөлөрүнө гана карата колдонулат. Мусулман өлкөлөрүнүн көп­чүлүгүнүн укук системалары, алардын белгилүү айырмачылыктары болсо да, ислам дининин не­гизинде калыптанып, өз иш-милдетин аткарат. М. у-нун негизги булагы - Куран жана сүннө. Юридикалык күчкө ээ болгон бул эки булакта тең ади­леттүүлүк түшүнүгү чоң роль ойнойт. М. у-нун үчүнчү булагы - иджма, башкача айтканда макулдук, ынты­мак. М. у-нун төртүнчү акыркы булагы - кыяс, башкача айтканда аналогия (окшоштук) боюнча жасалган ой­лор, корутундулар. М. у. орто кылымда (7- 8-к.) калыптанган. Бул укуктун мүнөздүү бел­гилери болуп анын эскилиги, ар түрдүү түшүнүк­төн куралгандыгы жазылып, системага салын­ган нормаларынын жоктугу, көп жагынан соң­ку замандарда мамлекеттин аракети аркасында чыгарылган мыйзамдарды, кодекстерди өзүнө

кабылдоо менен жымсалдатылгандыгы эсептелет. 20-к-дан Арабия ж. а-нда жана Персия булуңун­да жайгашкан өлкөлөрдө гана М. у. сакталып, адаттагы көрүнүшүндө колдонулууда.

Ад.: Сюкияйнен Л. Р. Мусульманское право. Воп­росы теории и практики. М., 1986; он же. Шариат и мусулманско-правовая культура. М., 1997; Мусуль­манское право. Библоиграфический указатель/Сост. Э. А. Урусова, Ю. В. Иванов. М., 2010.