МУСТАФИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСТАФИН Габиден (29. 11. 1902, азыркы Ка­раганды обл., Тельман р-ну - 20. 1. 1984, Алма­ты) - казак жазуучусу, коомдук ишмер, Казак ССР ИАнын корр. мүчөсү (1958), Казак эл жазуу­чусу (1984). Дин мектебинен окуп кат тааны­ган. Караганды шахтасында иштеген. Чыгарма­лары 1927-жылдан жарыялана баштаган. Туң­гуч аңгемелер жыйнагы «Эр Чоюн» (1929) деген ат менен жарыкка чыккан. Айыл кедейлеринин жаңы турмушка умтулуусу аңгемелеринин не­гизги өзөгүн түзөт. М-дин «Өмүр же өлүм» (1940) романы - казак жумушчулары жөнүндөгү туңгуч прозалык чыгарма. Таруудан мол түшүм алып, дүйнөлүк рекорд койгон Шыганак Берсиевдин эмгек жолун баяндаган «Шыганак» (1945) рома­ны, колхоз курулушунун жаңы кезеңин көрсөт­көн «Миллионер» повести (1948), Караганды шах­тёрлору туурасындагы «Караганды» (1952), авто­биогр. «Өз көзүм менен» (1963) романдары чык­кан. Чыгармаларында улуттук психология жана анын өзгөчөлүктөрү чагылдырылган. М-дин чы­гармалары дүйнөлүк көп тилдерге которулган. Эки Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.