МУСТАФА ЧОКАЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУСТАФА ЧОКАЙ, Мустафа Чокой (Чокаев, Чокай-оглы); каз. Мүстафа Шоңайүлы (25. 12. 1890, Түркстан генерал-губернаторлугу, Олуя-Тарангыл айылы - 27. 12. 1941, Берлин) - коомдук-саясий ишмер; бирдиктүү жана эгемен Түркстан мамлекетин куруунун идеологу. Перовск (азыркы Кызыл-Ордо) орус-тузем мектебин (1902), Ташкенттеги гимназияны (1910), Санкт-Петербург университетинин юридика факультетин (1916) алтын медаль менен бүтүргөн. Россиянын IV Мамлекеттик думасынын Мусулмандар фракциясынын секретары (1913-17), О. Азиядагы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн (к. Үркүн) себебин аныктоо боюнча комиссияда секретарь жана тилмеч болуп иштеген. 1917-ж. Ташкент ш-нда демокр. маанайдагы «Бирдик Туусу» («Б1рл1кТуы»), «Эркин Түркстан» («Свободный Туркестан») гезиттерин чыгарууну колго алган жана алгачкылардан болуп бардык түрк тилдүү элдер өз алдынча мамлекетке биригиши керек деген идеяны көтөрүп чыккан. 1917-ж. апрелде Түркстан Улуттар совети түзүлүп, М. Ч. анын Туруктуу аткомунун төрагалыгына шайланган. Бүткүл кыргыздардын (казактардын) 1-съездине (1917, 21- 28-июль), Бүткүл россиялык Уюштуруу жыйынына, Бүткүл россиялык мусулмандардын 1- съездине катышып, ошол жылы августта Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин мүчөсү болуп дайындалган. Бүткүл мусулмандардын чукул чакырылган 4-съездинде жарыяланган (1917, 27- ноябрь) Кокон автономиясынын тышкы иштер министри, анан өкмөт башчысы болуп калган. Кокон автономиясы талкалангандан кийин кандуу террор жүргүзгөн болыпевиктерди колдоодон баш тарткан М. Ч. Ташкентке, кийин Кавказга келип (1919), «Сыртта» («На рубеже») журналынын редактору болуп иштеген. 1921-ж. февралда Закавказье демок. респ. жоюлуп, М. Ч. Түркияга кетүүгө аргасыз болгон. 1927-ж. Стамбулдан «Жаңы Түркстан» (1931-ж. чейин чыккан), 1929-ж. Берлинде «Жаш Түркстан» (1939-ж. чейин чыккан) журналдарын чыгарган. Ал Түркстан Улуттар Союзун (Ппюп МаНопа1е йи Тпгкез!ап) жетектеп, болыпевиктердин Түркстанда жүргүзгөн саясатын тынымсыз европалык басма сөз бетине [мисалы, Тйе Зопгпа! о£ Коуа1 Сеп1га1 Аз1ап 8ос1е1у, ТЬе Аз1аПс Кеүхето (Лондон), Опеп! е! ОссМеп!, Кеуие <1и РгошеПгее (Париж), ДУзсйой (Варшава) ж. б.] жарыялап турган. 1941-ж. 22-июнда Гитлердин буйругу менен камакка алынып, бирок кызматташуудан баш тарткан.
Ад.: Исхаков С. Мустафа Чокаев о революции 1917 года в Центральной Азии. М., 2001; Садыкова Б. Мустафа Чокай. А., 2004. А. Ш. Махаева.