МУСТАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСТАЕВА Майнур Ибрагимовна (20. 5. 1912, азыркы Казакстан Респ., Петропавловск ш. - 1997, Бишкек) - опера ырчысы (сопрано). Кыр­гыз ССРинин эл арт. (1947). Фрунзедеги музыкалык окуу жа­йында (1930-35), Москвада­гы Луначарский атындагы искусство институтунда (1935-38) окуган. 1938-65-ж.

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. Ырчылык өнөрүн драма актёрлугу менен айка­лыштыра билген. М-нын көрүнүктүү партиялары: Айчүрөк, Каныкей, Канай­ым, Тотуя, Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере - «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул», «Ажал ордуна»), Айша (А. Аманбаев, С. Герма­нов, «Айдар менен Айша»), Гүлайым (М. Раух­вергер, «Көкүл»), Гүлчахра(У. Гажибеков, «Ар­шин мал алан»_), Кыз Жибек (Е. Брусиловский, «Кыз Жибек»), Татьяна (П. Чайковский, «Евге­ний Онегин») ж. б. Дүйнөлүк, орус, кыргыз ком­позиторлорунун ырларын, романстарын, опера­лардан арияларды аткарган. 1939, 1958-ж. Моск­вада өткөн Кыргыз искусствосу менен маданиятынын он күндүктөрүнө катышкан. «Ардак Белгиси» ор­дени менен сыйланган.