МУСЛИМОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСЛИМОВ Аннас Поясович (4. 9. 1936-жылы туулган, Фрунзе) - техника илимдеринин доктору (1989), проф. (1990). КРдин Элге билим берүүсүнүн отличниги (1998), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2006). Калинин атындагы Ленинград политех. институтун (1960), Москва станок куруу институтунун аспирантурасын (1966) бүтүргөн. 1960-жылдан «Ташсельмаш» заводунда инженер-конструктор. 1966-жылдан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчы­сы, 1990-жылдан КТУда проф. Машина жана при­бор курууну автоматташтыруу тармагы боюнча адис. 1250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монография, 48 ойлоп табуу жана патенти жарык көргөн;

Эмг.: Теоретические основы, методы автоматиче­ского контроля, управления качеством продукции и разработка комплекса приборов. М., 1990; Теоретичес­кие основы и методы контроля радиального смешения центра масс изделий типа тел вращения. М. 1996.