МУСАЕВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУСАЕВА Жаркынай Асановна (2.11.1948-ж. т„ Фрунзе) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1998), проф. (2001). КМУну (1971), Кыргыз ССР ИА ЭИнин аспирантурасын (1978) бүткөн. КМУда окутуучу (1971-76), Кыргыз ССР ИАда кенже илимий кызматкер, (1980-89), Квалификацияны жогорулатуу институтунда доцент (1989-91), Өкмөт аппаратында экономикалык реформалар боюнча кеңешчи (1991-93), Кыргыз-америка бизнес, укук жана гуманитардык илимдер мектебинде кафедра башчысы (1993-94), КРСУда доцент (1994- 96), КУУда проф., ошол эле маалда «Сорос-Кыргызстан» фондунун алдындагы элита мектебинде мугалим (1996-2004), Эл аралык банкта кеңешчи (1999-2000), КУУнун экономика факультетинин проф. (2000-07), 2007-жылдан Эл аралык Ататүрк университетинде кафедра башчысы, проф. 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография) автору. Илимий эмгектери негизинен а. ч. экономикасына арналган.
Эмг.: Как формируется аграрно-промышленная интеграция (авторлош). Ф., 1979; Хозяйствующий субъект и диалектика развития его экономического механизма хозяйствования. Б., 1997.