МУСАЕВ Сыртбай Жолдошович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСАЕВ Сыртбай Жолдошович (1. 8. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Көл-Төр айылы) - тилчи, филология илимдеринин доктору (2000), проф. (2002), КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2002), КР УИАнын корр. мүчөсү (2005). КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (2010). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1976). СССР ИАнын ста­жёр-изилдөөчүсү (1976-78), аспиранты (1979-81), КР УИАнын Тил жана адабият ин­тунда илимий кызматкер, бөлүм башчы (1982-90), КУУнун доценти (1991-92),

кафедра башчысы (1993-97), докто­ранты (1997-98), журналистика факультетинин дека­ны (1999-2000), Ысык-Көл мамлекеттик университетинин илимий жана окуу иштери боюнча проректору (2000-02), К. Карасаев атындагы БГУнун ректору (2003-04), КТРКнын президенти (2004-05), Чүй университетинин 1-проректору (2005-06), И. Арабаев атындагы КМУ­нун Лингвистика институтунун директору (2006- жылдан). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин илимий- теориялык жана практикалык тарыхый лексикология­лык маселелерине, калыптанышы жана өнүгүшү, сөз маданияты, синтаксистик моделдештирүү, се­мантика, лингвопоэтика, герменевтика, орфо­графия ж. б. маселелерине арналган 250дөн ашык илимий-методикалык жана илимий-публицистикалык эмгек­тин автору. Эл аралык «8Р1 Алтын медалы» (Париж, 2003), Кембриж университетинин «Алтын ме­далы» (2000) менен сыйланган.

Эмг.: Структурно-функциональные типы и семан­тика причастных конструкций в киргизском языке. М„ 1983; Парадигматические типы причастных конструкций в киргизском языке. Ф., 1987; Кеп мада­нияты жана норма. Б„ 1999; Текст: Прагматика. Структура. Б„ 2000; Кыргыз тилинин жазуу эре­желери. Б„ 2004; Вопросы. кыргызского языкозна­ния. Б„ 2010.