МУСАЕВ Самар: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСАЕВ Самар (23. 2. 1927, азыркы Нарын обл., Ат-Ба­шы р-ну, Казбек айылы - 8. 4. 2010, Бишкек) - «Ма­нас» изилдөөчү, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (1962), КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (2001), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. эки жол­ку лауреаты (1998, 2000). 1949-ж. Фрунзедеги педагогикалык институту бүтүргөн. 1949-жылдан ушул институтта окутуучу болуп иштеген. 1950-ж. эң алгач уюшулган кыргыз адабияты кафедрасы­нын

башчысы, 1965-88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунда «Манас» секто­рунун башчысы, 1988-жыл­дан жетектөөчү илимий кызмат­кер, бөлүм башчы болуп өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген. М. көптөгөн окумуштуулардын «Манас» эпосуна арналган илимий макалаларынын кол жаз­маларын чогултуп, иретке келтирип, «”Манас” героический эпос киргизского народа» (1968) де­ген китепти басмага даярдаган, анын түзүүчүсү жана редактору болгон. 1968-ж. С. Каралаевден «Манас», «Семетей» эпосторун магнитофонго көчүрүп алууга катышкан. Анын «Эпос “Манас”» деген монографиясы 1979-ж. орус тилинде жа­рык көргөн. Ушул эле эмгек 1984-ж., 1985-ж. орус, немис, англис тилдеринде бир китеп бо­луп жарык көргөн. 1986-ж. С. Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттары боюнча «Манас» эпо­сунун 1-бөлүмүнүн кара сөз түрүндөгү баяндама­сынжазып, жарыкка чыгарган. «Манас» энцик­лопедиясын чыгарууга жигердүү катышкан.