МУРЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРЧ (Р1рег т£гиш) - өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумундагы капсикум уруусуна кирүүчү калемпирдин бир түрчөсү, чөп. Сабагы ичке, солкулдак, уз. 10-12 м. Жалбырагы жөнөкөй, сүйрү, кабыктуу, кезектешип жайгашат. Гүлү майда саргыч же ак. Мөмөсү тоголок, жалгыз уруктуу, диаметри 3-5 мм, көк, бышканда кызгылт, кургаганда каралжын түскө өтөт. Мекени - Индия, Түштүк-Чыгыш Азия, Чыгыш Африка жана Американын тропиги. КМШ өлкөлөрүндө жылыткычта өстүрүлөт. М. өстүрүлүшүнө жараша 5-6 айда же 3-4 жылда гүлдөйт, 5-10 айда бышат. Ал татымал катары колдонулат. Сапаты курамындагы пиперин алкалоиди менен эфир майына жараша болот.