МУРЕНАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУРЕНАЛАР (Мигаешбае) — жылан балыктар түркүмүнүн тукуму. Уз. 3 мге чейин жетет. Де­неси жыланга окшош, жылаңач. Жон сүзгүчү бакалоор тешигинин алды жагында, көкүрөк сүзгүчү жок. Жаагында курч, узун тиштери бар. Тишинин түбүндө уу бөлүп чыгаруучу бездери жок. Түсү ачык сары же жашыл-күрөң, түрдүү формадагы тактары бар. Юдон ашык уруусу, ЮОдөй түрү тропик жана субтропик деңиздерин­де жашайт. Азыгын (балык, кальмар ж. б.) аң­дып, кармап жейт. Кээде адамга кол салат. Жер Ортолук деңиз М-сы (уз. 1,5 м, салмагы 6 кгга жетет) желет. Айрым М-дын эти уулуу.