МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТ­ТӨРҮ — коло дооруна жана о. кылымга таандык археол. эстелик. Алай кырка тоосунда, Үч-Дөбө айылынан 20 км түндүктө жайгашкан. Анда дөң­гөлөктөр, тоо эчкилер, күн түспөлдөш белгилер, төөлөр жана колдорун жогору көтөрүп, ритуал­дык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү тартыл­ган. Аска бетинде сүрөттөрдөн эрте көчмөндөр­дүн көркөм искусствосуна мүнөздүү илбирс сыяктуу чоң жырткычтын сөлөкөтү көркөм чеберчилик­те белгиленген. Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен археол. экспедициясы тарабыңан 2000-ж. изилденген.