МУРГАБ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРГАБ — Афганстан менен Түркмөнстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Уз. 978 км, алабынын аянты 46,9 миң клг2. Паропамиз тоолорунан башталат. Банди-Түркстан жана Саведкох кырка тоолорунун аралыгындагы кууш өрөөн менен агып, Түркмөнстандын аймагында өрөөнү кеңейип, ирригация тармактарына бөлүнөт. Кара-Кум чөлүнө чыкканда кургак дельтаны пайда кылат. Төмөнкү агымында 6 суу сактагыч бар. Мары ш. тушта Кара-Кум каналы кошулат. Март - май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Суусунун орт. ылайлуулугу 4500 г/м3. Куймалары: Абикайсор (оң), Кашан, Кушка (сол). Орт. чыгымы ортонку агымында 52 м?/сек. Март - май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Иолотань, Мары, Байрам-Али ш. жайгашкан.