МУРАЛИЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРАЛИЕВ Амангелди Мурсадыкович (7. 8. 1947, Чүй обл., Панфилов р-ну, Кум-Арык айылы) - мамлекеттик, коомдук ишмер. Илим жана техника жаатында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1977), КРдин өнөр жайга эмг. сиң. кызматкери. Кара-Балта тамак-аш техни-

кумун (1967), ФПИни (1976) бүтүргөн. Кара-Балта кант комбинатында слесарь, мастер (1967-70), Фрунзе ш-ндагы Электр вакуум машиналарын куруучу тажрыйба заводунда инженер-конструктор (1970-73), Тоют жыйноо техникасы боюнча мамлекеттик адистештирилген конструктордук бюродо жетектөөчү конструктор (1973-76), Фрунзе шааркомунун инструктору (1976-78), Фрунзе оор электр машина куруу заводунда башкы инженер, директор (1978-82), «Кыргызавтомаш» өндүрүш бирикмесинин башкы директору (1982-88), Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин аткомунун төрагасы (1988-91), КРдин мамлекеттик катчысы, Экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (1991-92), экономика жана финансы министри (1992-93), Кыргызстан өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти (1993), КРдин Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (1993-94), Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы (1994-96), КРдин ө. ж. саясаты боюнча вице-премьер министри (1996), Ош облнун губернатору (1996-99), КРдин Премьер-министри (1999-2000), «Кыргыз Биржа Фонду» ЖАКтын президенти (2000-04), Өнөр жай жана соода министри (2004-05), КРдин футбол федерациясынын ардактуу президенти (1991-2008), 2010-ж. 14-июлдан - 2011-ж. декабрга чейин КРдин Убактылуу Өкмөтунун 1-премьер-министри, 2010-жылдан «Кыргыз алтын» ААК директорлор кеңешинин төрагасы. КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1985; 1990; 1993-2005). Манас ордени менен сыйланган.