МУНАЗАРА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУНАЗАРА (арабча талаш-тартыш) - Чыгыш адтындагы жанр. Кара сөздө да, ырда да учурайт. Бири-бирине көз карашы, түшүнүгү, туткан идеясы карама-каршы турган эки тараптын талаш-тартыштары чагылдырылган чыгармалар. Каршы тараптар өз ойлорунун, пикирлеринин тууралыгы, чындыгы, пайдасы үчүн күрөшөт. Мында образдар жандандырылат, кейиптештирилет. Алгачкы үлгүлөрү 3-4-к-да фарсы тилинде жазылган. «Ассирия дарагы» деген ырда сакталган, анда эчки менен пальма дарагы кимиси пайдалуу экенин талашат. Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген
китебинде жаз менен кыштын ортосундагы М. берилет да, төрт саптан турган строфалар а-а-а-б, в-в-в-б тибинде уйкашат. Бул М-да эки мезгилдин ар биринин өзүнө гана таандык касиеттери, сулуулугу өтө образдуу ачылат. Ошондой эле Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим» дастанынын айрым үзүндүлөрү да М. формасында жазылган. 2-к-да жашаган түрк акыны Асади Тусийдин «Түн менен күн муназарасы», «Асман менен жер муназарасы», «Каапыр менен мусулман муназарасы» деген чыгармаларында бул жанр бир кыйла бийиктикке көтөрүлгөн, филос., ыймандык маселелери тереңдетилген. М. формасындагы ырлар азыркы кыргыз поэзиясында да кездешет.