МУЛЬТИПЛИКАТОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЛЬТИПЛИКАТОР (латынча multiplico - көбөйтөм, чоңойтом), көбөйткүч-1) машина валынын (огунун) айлануу жыштыгын көбөйтүүчү түзүлүш (мисалы, ылдамдатуучу тиштүү кыймыл бергич); 2) суюктуктун басымын жогорулатуучу түзүлүш (мисалы, насосто ж. б. гидравликалык машина жана шайманда); 3) фотоаппараттын бир пластинкада (плёнкада) бир нече негатив алууга мүмкүндүк берүүчү жардамчы куралы; 4) түстүү басманын үлгүсүн бир мезгилде алуучу прибор; 5) инвестициялардын көбөйүшү (азайышы) менен киреше чоңдугунун өзгөрүшүн чагылдырган коэффициент; кирешенин өзгөрүшүнүн инвестициялардын өзгөрүшүнө көз карандылыгын туюнткан экономикалык көрсөткүч. Мисалы, инвестициялардын өсүшү 5 миллиард сомду түзүп, кирешенин өсүшү 15 миллиард сомго жетсе, анда М. Зкө барабар болот. Өндүрүштө инвестициялар кандайдыр бир суммага өсүшү, жумушчулардын кирешесин ошол суммага чейин өстүрөт. Ал өз кезегинде керектелүүчү заттарга талапты өстүрөт да, ошол чөйрөдөгү ишкерлердин кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзөт. Бул процесс ар бир жаңы чыгымдардын айланпасынан уланып турат. Мультипликация идеясын алгач 1931-ж. англ. экономист Р. Кан киргизген. Айрыкча экономикалык багытта Кейнстин М-у кеңири мааниге ээ. Ал боюнча М. инвестицияларды көбөйтүүдө улуттук кирешенин канча эсеге өсүшүн көрсөткөн коэффициент болот. Ошондой эле банк (коммерциялык банктардын депозиттик эсептеги акчалардын банк арасында акчанын жүгүртүлүшүнүн эсебинен көбөйүү процессин негиздейт) М-у да бар.